• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Салык кызматынын борбордук аппаратындагы жазалоочу түзүм жоюлду

Коом 0

Бишкек, 20.01.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ведомствонун борбордук аппаратынын жаңы түзүмүн бекитти. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда ведомствонун аппараттык жыйынында белгилүү болду.

Тактап айтканда, борбордук аппараттын текшерүү башкармалыгынын функциясы кыскарды. Кайра уюштурууга чейин бул башкармалык негизинен буга чейин иштин мындай абалына нааразы болуп келген ири бизнеске карата көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүп келген.

Эми Салык кызматынын борбордук аппараты көчмө текшерүүлөрдү жүргүзбөйт. Текшерүү башкармалыгы пландаштыруу, тобокелдиктерди талдоо жана баалоо, отчеттуулукту түзүү, мониторинг жана методология менен гана алектенет.

Бекитилген планга ылайык, текшерүүлөрдү аймактык салык органдары гана жүргүзөт.

Алардын иш-аракеттерин көзөмөлдөө оңой, андыктан ал жердеги коррупциялык аракеттер дээрлик жокко эсе болот.

Эксперттер Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери тарабынан көчмө текшерүү жүргүзүүнү жокко чыгаруу бюджетке келип түшүүлөргө оң таасирин тийгизет деп эсептешет.

Пикир

Оставить комментарий