• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Салык кызматынын I жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиясы өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиясына катышты.

Минкаб төрагасы белгилегендей, акыркы үч жылда программалык иш-чараларды ишке ашыруунун аркасында салыктык башкаруу тармагында олуттуу жылыштар байкалууда, бул салыктык кирешелерди жыйноонун өсүү темпин орточо 135 % га көтөрдү.

Минкаб төрагасы кошумчалагандай, Салык кызматынын алгылыктуу жыйынтыктарына карабастан, фискалдык органдын алдында көмүскө экономиканы минималдаштырууга жана салыктык башкаруунун сапатын мындан ары жакшыртууга байланыштуу жаңы милдеттер турат.

Салык кызматынын ишинин конкреттүү жыйынтыктарын белгилеп, Акылбек Жапаров төмөнкү көрсөткүчтөргө токтолду, атап айтканда, 2024-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 138,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулуп, белгиленген план 5,2 млрд сомго ашык аткарылды.

“Мамлекеттик бюджеттин кирешесине салыктардын жана төлөмдөрдүн түшүүсү болжолдогу 100,9 млрд сомдун ордуна 101,2 млрд сом суммасында камсыздалды. 2023-жылдын 6 айына салыштырмалуу 16,8 млрд сомго көп же өсүү темпи 120,0 %ды түздү”, - деген Акылбек Жапаров планды ишке ашырууда санариптик компоненттерди киргизүүнүн өзгөчө ролун белгиледи.

Минкаб төрагасынын айтымында, контролдук-кассалык машиналарды колдонууда олуттуу жылыштар байкалды, алардын саны азыр 100 миңден ашты, бул үч жыл мурдагыга караганда 6 эсеге көп.

Пикир

Оставить комментарий