• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улукбек Марипов ардагер Касмалы Осмоновдун акыбалынан кабар алды

Өкмөт 0

Бишкек, 09.05.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касмалы Осмонов менен учурашып, ардагердин акыбалынан кабар алды. Буцл тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Улукбек Марипов ардагерди 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктап, ага чың ден-соолук жана узун өмүр каалады.

«Сиздин эрдигиңиз ар-намыстын жана кайраттуулуктун үлгүсү болуп саналат. Ушул күнү биз фронт талаасында жанын аябастан, өз эрдиги аркылуу фашизмди талкалоого чечкиндүү салым кошкон улуу муун үчүн өзгөчө сыймыктанабыз. Өлкөбүздө биздин кайратман аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын жаркын элеси жүрөгүбүздө терең сакталат. Каатчылык мезгилде сиздер башты жерге салбастан, өлкөбүздү душмандын баскынчылыгынан сактап калдыңыздар. Мындан 76 жыл мурда жетишкен жеңишибиз – майтарылбас эрктин, жогорку патриоттуулуктун жана бузулгус эл достугунун мыкты далили болуп саналат», - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Улукбек Марипов Касмалы Осмоновго материалдык жардам тапшырып, мамлекет мындан ары карай дагы согуш ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине колдоо көрсөтөт деп ишендирип кетти.

Маалымдама: Касмалы Осмонов 1922-жылы туулган, Бишкек шаарында жашайт. 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий