Салык кызматынын кызыктыруучу акциясынын 5 жеңүүчүсү аныкталды. Тизме

Коом 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Салык кызматынын кассалык чектерди талап кылуу боюнча кызыктыруучу акциянын биринчи этабынын жыйынтыгы чыгарылды.

Ведомстводон маалымдашкандай, көз карандысыз комиссия май айындагы беш катышуучуну жеңүүчү деп тапты.

Баш байге iPhone 14түн жеңүүчүсү:

  • Алтынай Мамырова (@altynaimamyr).

Смартфондордун жеңүүчүлөрү:

  • Айжамал Майрамбекова (@aizhamal_mairambek);
  • Жанара Алымбаева (@zhanara.alymbaeva);
  • Жайнакова Айдай (@уastimdan);
  • Оморова Элиза (@omorova2579) болду.

Эскерте кетсек, акция ай сайын өткөрүлүп турат. Салык кызматы бардык каалоочуларды бул акцияга катышууга чакырат!

Катышуу үчүн өздөрүнүн жеке баракчаларына контролдук-кассалык чектердин маанилүүлүгү тууралуу видеороликтерди же постторду жайгаштыруу керек.

Акцияга катышуунун шарттары тууралуу толук маалымат Салык кызматынын Instagram жана Facebook расмий баракчаларында жеткиликтүү.

Пикир

Оставить комментарий