• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жогорку чыңалуудагы "Покровка" жана "Кара-Арча" аба чубалгыларынын курулушу аяктоо алдында турат

Коом 0

Бишкек, 13.05.23. /Кабар/. Жогорку чыңалуудагы 110 кВ “Покровка” жана “Кара-Арча” аба чубалгыларын куруу иштери бүтөр алдында турат. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган аба чубалгылары "Бала-Саруу" гидроэлектростанциясын куруу иштеринин алкагында "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААКтын жардамы менен курулууда. Долбоордун негизинде орнотулуучу 31 тирөөчтүн 29 тирөөчү орнотулду. Учурда катаал аймакта жайгашкан акыркы №1 жана №3 эки тирөөчтү монтаждоо иштери жүрүүдө.

Мындан сырткары, "Бала-Саруу" ГЭСинде 110 кВ чыңалуусундагы жабык бөлүштүрүүчү түзмөк курулуп, дубалдары тургузулууда. Бул курулуп жаткан имаратта 110 кВ чыңалуусундагы элегаздык изоляциясы менен толук бөлүштүрүүчү түзмөктүн монтажы каралган.

Ошондой эле учурда ГЭСтин имараты менен басым түтүкчөлөрүн куруу иштери кызуу жүрүүдө. Белгилей кетсек, ГЭСтин имаратынын котлованы казылып, пайдубалы бетондолуп, котлованды кайра толтуруу иштери аткарылып жатат. Аталган жумуштар менен бирге адистер басым түтүкчөлөрүнүн таянычтарын орнотуу, түтүкчөнүн үстүнөн өтчү көпүрөнүн таянычтарын тургузуу боюнча иштерди аткарып, темирден басым түтүкчөлөрүн жасоодо.

Эскерте кетсек, "Чакан ГЭС" ААК Финансы министрлиги тарабынан бөлүнгөн каржыга Киров суу сактагычында "Бала-Саруу" ГЭСин курууда. Аталган ГЭС Киров суу сактагычынын гидроэнергетикалык ресурсун эффективдүү колдонууга мүмкүнчүлүк берет жана иштөө режими Киров суу сактагычынын суугат иштери менен туураланат.

Пикир

Оставить комментарий