• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кара-Суунун Отуз-Адыр айылындагы жаңы мектеп быйыл бүткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 13.05.23. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айылындагы жаңы мектеп быйыл бүткөрүлөт.

Мамкурулуштун басма сөз кызматынан билдиришкендей, окуу имаратынын аяктоо жана пайдаланууга берүү 2023-жылдын 1-сентябрь айына пландаштырылган.

"Бүгүнкү күндө окуу имаратынын сырткы жана ички сырдоо иштери толук бүткөрүлүп, терезе жана эшиктер толугу менен орнотулду. Отказан орнотулуп жылытуу системасы толугу менен бүткөрүлдү", - деп белгилешти ведомстводон.

Белгилей кетсек, аталган окуу жайдын курулушу президенттин 100 мектепти 2023-жылы аяктоо жөнүндө тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий