• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эмгек министри Түркия өкүлдөрү менен диаспоралар аркылуу кызматташууну талкуулады

Коом 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар уюмунун президенти Абдулла Эрен менен жолугушту.

Эмгек министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн министрлеринин жана диаспора иштери боюнча ведомстволорунун жетекчилеринин Бешинчи жолугушуусунун алкагында өттү.

Жолугушуу учурунда Гүлнара Баатырова Түркия менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

«Биз диаспоралар ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарбыз. Эмгек министрлиги чет өлкөлөрдө мыйзамдуу ишке орноштуруу жана кесиптик билим алуу боюнча активдүү иш алып барууда. Биз үчүн мекендештерибиз дагы престиждүү кесиптерге жумушка орношуу үчүн квалификациясын жогорулатып, кайра даярдоодон өтүшү маанилүү», - деди ал.

Министр жаштардын билим берүү программалары тууралуу маалымат алып, академиялык мобилдүүлүктүн алкагында да кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады.

Абдулл Эрен жогоруда аталган багыттар боюнча кызматташууга даяр экенин айтып, Гүлнара Баатырова баштаган делегацияны Түркияга келип кетүүгө чакырды.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө Казакстандын жана Азербайжандын делегация башчылары менен да жолугушуулар болду.

Мүчө-мамлекеттерден келген өкүлдөр диаспоранын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча өз тажрыйбалары жана көз караштары менен бөлүшүштү.

Пикир

Оставить комментарий