• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Караколдо “Биздин балдар. Коопсуз чөйрө” аттуу социалдык форум өттү

Аймак 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаеванын демилгеси менен Каракол шаарында “Биздин балдар. Коопсуз чөйрө” аттуу социалдык форум өткөрүлдү.

Жыл сайын 25-ноябрда кыздарга жана аялдарга карата зомбулукту жоюу үчүн күрөштүн эл аралык күнү белгиленет, аны менен “Зомбулукка каршы 16 күн” дүйнөлүк акциясы башталат.

Кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы күрөш боюнча 16 күндүк өнөктүктү утурлай, бул социалдык форум Каракол шаарынан, Түп жана Ысык-Көл райондорунан келген балдардын, ата-энелердин, бийлик өкүлдөрүнүн, эксперттердин катышуусунда өттү.

Асель Чынбаева өз сөзүндө секторлор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, кыздар менен аялдарга карата зомбулукка нөлдүк сабырдуулукту өнүктүрүү, балдар жашаган чөйрөнү өзгөртүү жана ата-энелик мамилелерди жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Форумдун жүрүшүндө окуучу кыздар өз баяндамаларында “Терек” балдарга жардам берүү борбору өткөргөн окутуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, ошонун аркасы менен турмушундагы жакшы өзгөрүүлөрдү - үй-бүлөдө жана мектепте баарлашуудагы кыйынчылыктарды жеңүүнүн практикалык көндүмдөрүн үйрөнгөнүн айтып беришти.

Жогорку квалификациялуу эксперттер өткөргөн 12 семинарда форумдун катышуучулары зомбулуктун алдын алуу, жабыр тарткан балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү чаралары, сексуалдаштырылган зомбулукту комплекстүү экспертизалоо өзгөчөлүктөрү, балдардын көрсөтмөлөрүн депонирлөө жана баланын инсандыгы калыптанган баланын биринчи институту катары дени сак үй-бүлөнү түзүү боюнча билимдерин жогорулатышты.

Форум ички күчтү жана зордук-зомбулукка жол бербөө чакырыгын символдоштурган “Кыздардын колунан баары келет” инсталляциясын көрсөтүү менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий