• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Салык кызматынын лотереясынын 1-турунун 51 байгеси жокко чыгарылды - тизме

Экономика 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын ведомстволор аралык байкоочу комиссиясынын чечими менен 26-июндан 1-июлга чейин өткөрүлгөн утуштун 1-турунун 51 байге боюнча жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Комиссия жеңүүчүлөр тарабынан шарттардын сакталгандыгын текшерүүнүн жыйынтыгында Лотереянын талаптары бузулгандыгы аныкталгандыктан, ушундай чечим кабыл алды.

Тактап айтканда, 1 электромобиль, чет өлкөгө 1 жолдомо, 21 iPhone14, 19 смартфон, 8 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 1 фендин утуштары жокко чыгарылды.

Комиссиянын маалыматына ылайык, жокко чыгарылган байгелердин жеңүүчүлөрү алар иштеп жаткан/иштеген уюмдардын ККМ чектерин сканерлешкен. Керектөөчүлөргө кассалык чектерди берүүнүн ордуна, аларды лотереяга катышуу үчүн сканерден өздөрү өткөрүшкөн.

Ошондуктан, лотереянын 51 катышуучусу утуштарын алышпайт. Жокко чыгарылган байгелер 25-декабрдан 30-декабрга чейин боло турган экинчи турдагы байге фондуна өтөт.

Эскерте кетсек, “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын утушунун биринчи этабы 26-июндан 1-июлга чейин өтүп, анын жыйынтыгында 1183 баалуу байгелердин, анын ичинде 10 электромобиль жана Дубайга эки кишилик 3 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталган.

Утуштун экинчи этабы 25-декабрдан 30-декабрга чейин болот, анда 1244 байге ойнотулат, анын ичинде 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен.

Лотереяга катышуу үчүн "Салык чек" тиркемесин жүктөп алуу жана катталуу жетиштүү. Андан кийин тиркеме аркылуу товар же кызмат сатып алуудан кассалык чекти сканерлөө керек.

Жокко чыгарылган байгелердин тизмеси тиркемеде.

Пикир

Оставить комментарий