• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Улуттук банк Кыргызстандагы SWIFT системасынын иши тууралуу айтып берди

Экономика 0

Улуттук банк Кыргызстандагы SWIFT системасынын иши тууралуу айтып берди.

Дүйнөлүк экономиканы глобалдаштыруу процесси жана ушундан улам өнүккөн өлкөлөрдүн төлөм системаларындагы жана эсептешүү системаларындагы өзгөрүүлөр республикабыздын финансы-кредит жана төлөм системаларына түздөн-түз таасирин тийгизет.

Республиканын банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууда негизги ролду өзүнө алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банк жана төлөм системалары дүйнөлүк экономикада да натыйжалуу өз ара иш алып баруусун камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо. Бул чөйрөдө маанилүү багыттардын биринен болуп координатор жана катализатор катары Улуттук банктын SWIFT системасынан пайдалануу деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүүсү болгон.

  1. SWIFT деген эмне?

SWIFT (Sosiety for Worldwide Interbank Financial Telecommunication – дүйнөлүк банктар аралык финансылык телекоммуникациялар коомчулугу) – 1973-жылы Европанын жана Түндүк Американын 250 банктар тобунан түзүлгөн эл аралык кооперативдик коомчулук.

SWIFT чек ара аркылуу төлөмдөрдү өткөрүүдө билдирүүлөрдү жеткирүү боюнча ири система болуп саналат. Дүйнө жүзүнүн 200 өлкөсүндө 11 000ден ашуун финансылык мекемелер SWIFT системасын колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча билдирүүлөр менен өз ара алмашып турушат.

Техникалык көз караштан алганда SWIFT системасы – бул эл аралык корпоративдик тармак, ага катышуучулар, так айтканда банктар, финансылык уюмдар ж.б. туташтырылган жана ал аркылуу финансылык билдирүүлөр менен өз ара алмашышат. SWIFT системасы өз кардарларынын активдерин же эсептерин тескебейт жана кардардын атынан операциялар боюнча клиринг жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырбайт.

Катышуучулар ортосунда өз ара иш алып баруу финансылык билдирүүлөрдүн, ал эми система жана катышуучулар ортосунда – системадагы билдирүүлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат. SWIFT системасынын катышуучуларынын компьютерлеринен билдирүүлөр регионалдык процессорго келип түшөт, анда топтолгондон кийин иштеп чыгуу (тууралыгын иликтөө, өзгөртүү, идентификациялоо жана шифр коюу) үчүн операциялык борборго жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы боюнча же адресатка жөнөтүлөт же болбосо жөнөткөн тарапка кайтарылат. Мында SWIFT акчаларды которуу каражаты эмес, корреспонденттик эсептер ортосунда каражаттарды которуу боюнча төлөм тапшырмаларынын системасы болуп эсептелинет.

SWIFT системасы дүйнө жүзү боюнча кыйла кеңири тараган система. Мындан тышкары чек ара аркылуу өткөрүүчү СПФС (РФ), CIPS (КЭР) ж.б. сыяктуу системалар да бар.

  1. SWIFT системасы өлкөбүздө канчалык кеңири колдонулат?

SWIFT эл аралык системасы Кыргыз Республикасында кыйла кеңири тараган жана талапка ээ банктар аралык тармак, ал аркылуу бардык чек ара аркылуу төлөмдөрдүн жана которуулардын 90% көбү ишке ашырылат.

Азыркы учурда SWIFT эл аралык системасына республиканын учурда иштеп жаткан бардык 23 коммерциялык банкы, ошондой эле Улуттук банк да туташтырылган, алардын ичинен:

  • 16 коммерциялык банк жана Улуттук банк борбордук банктын СВИФТ сервис-бюросу аркылуу жамааттык негизде системага туташтырылган;
  • калган 7 коммерциялык банк SWIFT системасына түздөн-түз же чет өлкөлөрдүн сервис бюролору аркылуу туташышкан.
  1. SWIFT системасына кандайча туташтырылат?

Бул системага туташуунун бир нече ыкмасы бар, алардын бири – SWIFT сервис-бюросу аркылуу, башкача айтканда бир нече пайдалануучу жамааттык негизде туташтырылат.

Улуттук банк көз карандысыздыкка ээ болгон учурдан тартып өлкөнүн банк жана төлөм системаларын дүйнөлүк экономикага интеграциялоо жагында иш алып барып келет. Бул багытта маанилүү милдеттердин биринен болуп кыйла кеңири тараган SWIFT системасынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу саналган. Өткөн кылымдын 90-жылдарынын акырында Улуттук банк алгач өзү SWIFT системасынын катышуучусу болуп, андан кийин өзүнүн инфраструктурасы аркылуу өлкөнүн башка банктарын жамааттык негизде туташтыруу ишин уюштурган. Мына ушинтип Улуттук банктын жана өлкөбүздүн коммерциялык банктарынын SWIFT системасынан жамааттык пайдалануу иши башталган. Өнүктүрүү процессинде SWIFT системасы тарабынан атайы талаптар программасы иштелип чыккан, анда сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн SWIFT системасына туташууну сунуштаган уюмдар үчүн артыкчылыктуулук критерийлери жана операциялык стандарттар аныкталган.

Ушуга байланыштуу Улуттук банк өлкөбүздүн коммерциялык банктарынын көмөктөшүүсү менен 2018-жылы бардык талаптарга жооп берген толук кандуу сервис бюросуна өзгөртүп түзүү менен SWIFT системасына жамааттык туташууну ишке ашырган. SWIFT сервис-бюросун түзүүдө Улуттук банк чек ара аркылуу төлөмдөр жана которуулар боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатын көздөгөн, бул иш жүзүндө Кыргыз Республикасынын финансы системасынын туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

SWIFT жамааттык пайдалануу мүмкүнчүлүгүн толук кандуу SWIFT сервис бюросуна өзгөртүп түзүү уюштуруу түзүмүнүн да, техникалык инфраструктуранын да олуттуу өзгөрүүсүн шарттаган.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын СВИФТ сервис-бюросу SWIFT компаниясынын атайы коопсуздук программасын ишке киргизүү боюнча бардык иш-чаралардын натыйжасында эл аралык сертификациядан ийгиликтүү өтүп, дүйнөнүн сертификацияланган сервис бюролорунун тизмегине киргизилген.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында Улуттук банктын СВИФТ сервис-бюросу – SWIFT системасына туташтыруу кызматын сунуштаган алгачкы жана жалгыз сервис бюро болуп саналат.

  1. Улуттук банктын СВИФТ сервис-бюросунун иши кандайча уюштурулган?

Улуттук банктын СВИФТ сервис-бюросунун инфраструктурасынын жогору ишенимдүүлүгү жана үзгүлтүксүз иши атайы байланыш каналдарын пайдалануу менен SWIFT системасына туташкан эки автономдуу сервердин эсебинен камсыздалат. Автономдук серверлер Бишкек шаарынын ар башка бөлүктөрүндө жайгашкан, аларда SWIFT системасынын техникалык талаптарына ылайык орнотулган кошумча электр энергиясы менен камсыздоо, муздатуу, өрт өчүрүү жана коопсуздук системалары менен жабдылган. Ар бир аянтча кошумча системаларды, маалыматтарды коргоо жана архивдештирүү системалары колдонулуучу лицензияланган SWIFT аппараттык-программалык комплекс менен жабдылган.

Пикир

Оставить комментарий