• 87
  • 90.41
  • 0.84

Салык кызматынын төрагасы КУУнун студенттерине лекция окуду

Экономика 0

Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Экономика жогорку мектебинин студенттери үчүн "Салыктар – өлкөнүн экономикалык коопсуздугу" темасында лекция окуду.

Ведомстводон маалымдашкандай, лекцияда Салык кызматынын төрагасы студенттерге мамлекеттин экономикалык коопсуздугун камсыз кылууда салык системасынын маанилүү ролу жөнүндө айтып берди.

Салыктар саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо сыяктуу тармактарда туруктуулукту камсыз кылуу менен мамлекеттик бюджетти каржылоодо негизги ролду ойной тургандыгын белгиледи.

Салык кызматынын башчысы студенттерге республикадагы салыктык түшүүлөрдүн өсүү тенденциясын түшүндүрүп берди.

Абдувапов салыктык башкарууну жакшыртуу жана жаңы салыктык стимулдарды киргизүү аркылуу салыктарды чогултуунун деңгээлин кыйла жогорулатууга мүмкүн болгондугун, бул өлкөнүн финансылык туруктуулугун бекемдөөгө өбөлгө түзө тургандыгын белгиледи.

Студенттер лекцияда салык төлөөнү жөнөкөйлөтүү үчүн санариптик чечимдерди колдонуу тууралуу дагы маалымат алышты.

Салык кызматынын төрагасы санариптик куралдарды киргизүү салыктарды чогултуу процессин кыйла жакшыртып, алардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу менен салык төлөөчүлөрдүн жүгүн азайта тургандыгын баса белгиледи. Бул ошондой эле коррупция менен күрөшүүгө жана салык органдары менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Иш-чаранын алкагында окутуучулар жана студенттер салык салуу жана республикада жүргүзүлүп жаткан салык саясаты боюнча суроолоруна жооп алышты.

Алтынбек Абдувапов студенттерди жогорку окуу жайды аяктагандан кийин салык органдарында эмгек жолун баштоого чакырды.

"Бүгүнкү лекция өлкөнүн экономикалык туруктуулугу үчүн салык системасынын маанилүү экендигин түшүнүүнүн башталышы гана. Сиздерди Салык кызматында иштеген адистердин катарында көргүбүз келет. Бизде жаңы иштеп баштаган адистер үчүн ар кандай мүмкүнчүлүктөр бар. Биз сиздин кесиптик өсүшүңүздү колдоого даярбыз", — деп белгиледи Абдувапов.

Мындай жолугушуулар салык сабаттуулугун жогорулатууга жана студенттердин салык төлөөгө жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга багытталган, ошондой эле алардын Кыргызстандын салык системасын өнүктүрүүгө салым кошуусуна дем берет.

Пикир

Оставить комментарий