• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Салык кызматынын түштүк аймагы боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 31.07.24. /Кабар/. Салык кызматынын түштүк аймагы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын тарабынан үстүбүздөгү жылдын июль айында Мамлекеттик салык кызматынын түштүк аймагы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын бөлүм башчысы К.Н.Н. улуттук коопсуздук органынын кызматкерине Ош облусунун Өзгөн шаарынын борборунда жайгашкан аянты 0,80 га ири инфраструктуралык объектини мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын жашыруу жана УКМК кызматкерлери тарабынан андан ары кылмыш ишин козгоодон баш тарттыруу үчүн 1 млн 500 миң сом пара сунуш кылган.

Салык кызматынын кызмат адамынын аракеттеринде кылмыш белгилери байкалгандыгын эске алуу менен УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2024-жылдын 29-июлунда 1 млн.500 миң сом өлчөмүндө пара берүү учурунда Салык кызматынын түштүк аймагы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын бөлүм башчысы К.Н.Н. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иштери, анын ичинде мыйзамсыз менчиктештирилген объектини мамлекетке кайтаруу иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий