Бишкек, 18.01.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын Талас шаары боюнча башкармалыгынын бөлүм жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик органдарда системалуу коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 15-январда Салык кызматынын Талас шаардык башкармалыгынын салык көзөмөлдөө жана карыздарды өндүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Ж.Б. ишкердик субъектинин салык карызын азайтуу үчүн 100 миң сом өлчөмүндө опузалап пара талап кылганы аныкталып, кармалган.
Аталган факт боюнча кармалган жаран Талас шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.
УКМК жарандарды мамлекеттик жана укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр аныкталган учурларда 03422 - 5-20-43, 03422 5-28-58 ишеним телефону аркылуу кайрылууга чакырат.
Пикир
Оставить комментарий