• 85.5
  • 93.05
  • 0.87

Салык кызматынын жаңы кабыл алынган 70тен ашык кызматкери окуудан өттү

Коом 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. Салык кызматы жаңы кабыл алынган кызматкерлердин кесиптик көндүмдөрүн жогорулатуу максатында окутуу курстарын өткөрдү.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, окууга үч айлык сыноо мөөнөтүн ийгиликтүү аяктаган 70тен ашык кызматкер катышты.

Окууда кызматкерлер салык мыйзамдары боюнча билимдерин жогорулатып, салыктык башкаруунун заманбап ыкмаларын өздөштүрүштү жана салык тобокелдиктерин талдоону үйрөнүштү.

Кызматкерлердин алган билимдери жана көндүмдөрү жумуштагы милдеттерин натыйжалуу аткарууга жана иштин сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, кадрларды окутуу салыктык башкаруунун сапатын жогорулатуудагы негизги фактор болуп саналат.

Салык кызматы заманбап чакырыктарга жооп берүү жана салык төлөөчүлөр үчүн сапаттуу салык кызматтарын көрсөтүү үчүн окутуу жана квалификациясын жогорулатуу программаларын өнүктүрүүнү улантат.

Пикир

Оставить комментарий