Бишкек, 17.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Салык кызматынын жаңы жетекчиси Кыдыкбек Кыдыров кызматтан алынат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мындан эки апта мурда эле дайындалган Салык кызматынын жаңы төрагасы эми жоопко тартылат.
“Эки аптанын же 15 күндүн ичинде ушул эле Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарын жашыргандыгы үчүн кызматтан алынат, эми аны да жоопко тартабыз. Бул боюнча кечээ президентке маалымат берилип, азыр башка бирөөнү бул кызматка дайындаганы турат”, - деди Ташиев.
УКМК төрагасы эми мындан ары мамлекеттин бюджетине кол салгандардын ар бири, ким болбосун аёсуз жоопко тартыларын кошумчалады.
Пикир
Оставить комментарий