• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Салык төлөөчүлөр салык карызынын суммасы боюнча кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү алууга укуктуу

Экономика 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Салык төлөөчүлөр салык карызынын суммасы боюнча кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү алууга укуктуу, - деп кабарлайт Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги мыйзамына ылайык, 2020-жылдын 1-апрелинен тартып 1-октябрына чейин салык төлөөчүлөр катталган жери боюнча салык органына 1 жылдан ашык эмес мөөнөткө ал жеткис күч жагдайынын натыйжасында түзүлгөн салык карызынын суммасы боюнча кийинкиге жылдырууларды жана бөлүп төлөөлөрдү берүү жөнүндө арыз бере алышат.

Арыз банктын кепилдиктери жөнүндө документтерди көрсөтүүсүз белгиленген тартипте берилет.

Ошондой эле ушул Мыйзамда салык төлөөчүлөр 2020-жылдын март айынан тартып июнь айына чейинки мезгил үчүн ал жеткис күчтүн натыйжасында салык милдеттенмелерин өз убагында аткарбагандыгы үчүн салык санкциясы жана туум эсептелбээри аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий