Салыкчылар мыйзамсыз жүгүртүүдөн 141 миңден ашык куту тамеки тартып алды

Экономика 0


Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Рейддик салык контролунун жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн акциздик маркалары жок 141 миң 159 куту тамекини тартып алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Васильевка айылында акциздик маркалары жок 125 миң куту тамеки тартылып алынды.

Ошондой эле Бишкек шаарындагы "Берекет Универсал" соода борборунун аймагынан акциздик маркалары жок 16 миң 159 куту тамеки тартылып алынды.

Ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Эскерте кетсек, акциздик маркалары жок 1000 даанага чейин тамеки саткандар үчүн 65 миң сом айып пул каралган. 1000ден ашык бирдик сатылса, 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Салык кызматы акциздик продукциялардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныктоону жана бөгөт коюну активдүү улантат.

Пикир

Оставить комментарий