• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Салыктык чегерүүлөрдү жана камсыздоо төлөмдөрүн оптимизациялоого багытталган мыйзам долбоору иштелип чыкты

Өкмөт 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Жеңил өнөр жайы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жумуш орундарынын санын көбөйтүү, өндүрүштүн жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүшүнө дем берүү, иштеп жаткан ишкерлерди экономиканын көзөмөлгө алынбаган секторунан чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен биргеликте «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштегендердин салыктык чегерүүлөрүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан жана аталган өндүрүштө иштеген юридикалык жактардын салык жүгүн жана социалдык чегерүүлөрүнүн өлчөмдөрүн азайтууга, юридикалык жактар менен жеке ишкерлердин ортосунда бирдей шарттарды түзүүгө багытталган.

Юридикалык жак катарында иш жүргүзүүгө даяр болгон жеке ишкерлердин өнүгүшүн кармап турган факторлордун бири катары, жеке ишкерлердин жүгүнөн бир топ жогору эсептелген юридикалык жактардын камсыздандыруу төгүмдөрүн жана кереше салыгын төлөө боюнча жүктөмү саналат.

Ушуга байланыштуу 2019-ж. баштап 2023-жылга чейинки мезгилде текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген юридикалык жактар үчүн төмөнкүлөр белгиленүүдө:

- камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендери жалданган кызматкерлеринин саны 50 адам жана андан ашык, орточо айлык эмгек акынын 40%нын 12% өлчөмүндө (чендер 27 %дан 12 %га чейин азайтылган);

- Минималдык эсептелген кирешеден (МЭК) улам, башкача айтканда МЭК 40 %нан 10 % эсептелген ар бир жалданган кызматкерге киреше салыгынын белгиленген суммасы бир кызматкерге айына 478 сомду түзөт.

Ошону менен бирге эле эмгек акынын суммаларын төмөндөткөн, жашырган учурларда камсыздандыруучуларга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн камсыздандырылган адамдарга (жеке ишкерлер жана жеке адамдар) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине төгүмдөрдү жана башка төлөмдөрдү кечиктирип же толук эмес төлөгөндүгү үчүн айыптарды көбөйтүү каралууда.

Бул Мыйзам өлкөдөгү тигүү жана текстиль өндүрүшүн ирилештирүү жана күчөтүү аркылуу республиканын текстиль жана тигүү тармагын өнүктүрүүгө олуттуу таасир этет, бул атамекендик ошондой эле чет өлкөлүк керектөөчүлөрдүн бир кыйла ири жана сапаттуу заказдарын жүзөгө ашыруу боюнча бул чөйрөдөгү өндүрүштүн потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий