• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Самаркандда “Делбирим” кыргыз-өзбек тасмасынын бет ачары болду

Маданият 0

Ташкент, 27.11.18 /Кабар/. Самарканд шаарындагы “Шарк юлдузи” кинотеатрында Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” чыгармасынын негизинде тартылган “Делбирим” кыргыз-өзбек тасмасынын бет ачары өттү.

“Республикалык кинопрокат борбору” мамлекеттик ишканасынын облустук филиалынын жетекчиси Ф.Разыковдун айтымында, фильм кыргыз жана өзбек кино жаратуучуларынын кызматташтыгынын жыйынтыгы болду.

“Тасманы Ташкент, Наманган облустарында жана Кыргызстандын аймагында тартышты. Андагы ролдорду өзбек жана кыргыз актёрлору аткарышат. Ташкентте өткөн кинонун бет ачарын сынчылар жана көрүүчүлөр чоң кызыгуу менен тосуп алышты. Фильм самарканддык көрүүчүнүн да жүрөгүнөн орун алат деген ойдомун”, - деди ал.

Бет ачарда Өзбекстандын жазуучулар союзунун мүчөлөрү, театр жана кино ишмерлери Айтматовдун кыргыз жана өзбек элинин достугун бекемдөөдөгү жана адабий кызматташтыкты кеңейтүүдөгү ордун белгилешти.

Жогорку гуманисттик идеялардан улам жазуучунун чыгармалары боюнча жаралган спектаклдер жана кинолор көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн өзгөчө орунду ээлейт. “Делбирим” көркөм тасмасы дагы булардын катарын толуктаарына шек жок, деп белгилешти катышуучулар.

Эске салсак, “Делбирим” тасмасы Кыргызстанда 6-декабрда сатыкка чыгат.

Андагы башкы ролдорду – Ильястын жана Байтемирдин ролдорун өзбек актёрлору Адиз Раджабов жана Улугбек Кадыров аткарышкан. Ал эми Асел менен Кадичанын образын кыргыз актрисалары Мадина Талипбек жана Элина Абай кызы жаратышкан.

Фильмдин сценарийинин автору кыргыз драматургу Керез Зарлыкова, режиссёру өзбекстандык Сарвар Каримов.

Буга чейин кыргыз актёрлоруна гонорарды “Дан” продюсердик борбору, өзбек актёрлоруна “Өзбеккино” төлөп бергендиги айтылган. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев дагы өзүнүн колдоосун көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий