• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

“Кентавр” кыргыз тасмасын Бельгия жана Нидерландда көрсөтө башташты

Маданият 0

Бишкек, 26.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. “Кентавр” тасмасын Бельгия жана Нидерландда чоң экрандарда көрсөтө башташты. Бул тууралуу кыргыз киносунун расмий сайтында маалымдалат.

20нан 24-мартка чейин “Кентавр” тасмасын Актан Арым Кубат Бельгия жана Нидерланддагы көрүүчүлөргө Тюрнхаут жана Амстердамда тасма жүгүртүүгө чыкканга чейин көрсөтүп келген.

Эске сала кетсек, 17-мартта “Кентавр” тасмасын Японияда көрсөтө башташкан.

"Кентавр" - өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына аракет кылган адам тууралуу тасма.

Пикир

Оставить комментарий