• 87
  • 91.29
  • 0.84

"Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемеси түзүлдү - максаты жана милдети

Билим 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Белгиленгендей, борбор КР министрлер кабинетинин 2023-жылдын 7-сентябрындагы №448 токтомуна ылайык түзүлдү.

Борбордун максаты санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана киргизүү жолу менен өлкөнүн билим берүү системасынын инфраструктурасын жакшыртуу болуп саналат.

Мамлекеттик мекеме түздөн-түз Билим берүү жана илим министрлигине баш иет.

"Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемесине 2024-2027-жылдарга карата төмөндөгү маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана оператор болуу тапшырылды:

- "Аттестаттар маалымат базасы";
- "Жалпы билим берүү уюмдарынын электрондук тарификациясы жана штаттык расписаниеси";
- "Акселератор";
- "Мугалимдерди баалоо";
- "БИМ".

КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2023-жылдын 20-октябрындагы №540 тескемесине ылайык "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемесинин директору болуп Бабаев Бектурган Назарбекович дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий