• 87.86
  • 93.94
  • 1

Колледждердин кайсы адистиктери боюнча ишке орношуунун көрсөткүчү жогору? Министрликтин жообу

Билим 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2016-жылдан тартып Кыргыз Республикасында жаштарга кесиптик багыт берүү системасын өнүктүрүү концепциясы ырааттуу түрдө ишке ашырылууда.

Ишке ашыруунун натыйжасы баштапкы жана орто кесиптик билим берүүдөгү билим алуучулардын контингентинин жогорулашы болду. Өзгөчө олуттуу өсүү колледждердин деңгээлинде байкалууда: 2011-2012-окуу жылына салыштырмалуу студенттердин санынын өсүүсү 46% түздү.

Жыл сайын Кыргыз Республикасынын орто кесиптик окуу жайларына 25-30 миң студент кабыл алынат. Орто кесиптик билим берүү системасында ишке орношуунун пайызын жогорулатуу үчүн бүтүрүүчүлөргө байкоо жүргүзүү методологиясы ишке киргизилген.

Бүтүрүүчүлөрдү сурамжылоо даярдоо багытына жана адистикке жараша орто кесиптик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн ишке орношуусу 40%дан 70%га чейин түзгөндүгүн көрсөттү.

Ишке орношуунун дээрлик жогорку пайызын тамак-аш жана жеңил өнөр жай технологиялары жаатындагы адистиктери, ошондой эле инженердик-техникалык жана курулуш профилиндеги адистиктер көрсөтүүдө. Орто кесиптик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн 30%дан ашыгы окуусун улантуу үчүн жождорго тапшырууда.

Пикир

Оставить комментарий