Санариптик өнүктүрүү министрлиги “сырдуу кардар” долбоорун ишке киргизди. Максаты

Коом 0


Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлиги улуттук “сырдуу кардар” долбоорун ишке киргизди.

Министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бул Калкты тейлөө борборлорундагы коррупциялык факторлорду аныктоо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатын көздөйт.

Эми “сырдуу кардарлар” күн сайын Кыргызстандагы бардык Калкты тейлөө борборлоруна жөнөкөй жаран болуп, эч кандай эскертүүсүз барат.

"Жалпыңыздарга маалым болгондой, Калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлеринин дарегине сапатсыз кызмат көрсөтүү, орой мамиле жана кызматкерлердин компетентүү эместиги сыяктуу көп даттануулар келип түшүүдө. Биз барыбыз жакшы түшүнүп жатабыз, сапаттуу кызмат көрсөтүүгө болгон талап күн сайын өсүп жатат. Ошондуктан мамлекеттик кызмат көрсөтүү жогорку деңгээлде болуш керек. Биз сапаттуу кызмат көрсөтүү менен гана элдин алкышына, ишенимине ээ боло алабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

“Сырдуу кардар” долбоору бардык социалдык мааниге ээ мамлекеттик кызматтарды камтыйт. Сатып алуулардын жыйынтыгы менен коррупциялык фактылар, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, Калкты тейлөө борборлорунда жарандар үчүн жаралган тоскоолдуктар аныкталат. Ошондой эле административдик жолтоо, мамлекеттик санариптик кызмат көрсөтүүдөгү жаралган терс көрүнүштөргө тиешелүү органдар тарабынан бөгөт коюу боюнча сунуштар иштелип чыгып, анын негизинде конкреттүү түрдө чаралар көрүлөт.

Бул долбоордун башкы максаты – кимчиликтерди жоюп, жарандарга түзүлгөн шарттарды жакшыртуу.

Ведомстводон кошумчалашкандай, өлкөнүн каалаган жараны "сырдуу кардар" боло алат. Ал үчүн жаран болгону 119 телефон номурундагы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Колл-борборуна кайрылып, каттоодон өтүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий