• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кореялык KOICA агенттиги Кыргызстанда санариптик окуу борборун курат

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана KOICA санариптик окуу борборун куруу боюнча макулдашты.

Министрликтен билдиришкендей, меморандумга президент Садыр Жапаровдун 2-4-декабрь аралыгында Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында кол коюлду.

Документке санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева менен Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин президенти Чанг Вон Сам кол койгон бул документ эки өлкөнүн санариптик трансформация жаатындагы кызматташтыгынын жаңы этабын ачат.

Протоколдо белгиленгендей заманбап санариптик окуу борборун куруу каралган, анда актуалдуу санариптик көндүмдөрдү өздөштүрүүнү каалаган мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер жана жарандар санариптик билимин тереңдете алышат. Борбор алдыңкы жабдуулар жана программалык камсыздоо менен камсыздалып, окутуу эмгек рыногунун талаптарына жана заманбап технологияларга жооп берет.

Белгилей кетсек, долбоордун жалпы наркы 7 млн долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий