• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги согуш ардагерлерин куттуктады

Коом 0

Бишкек, 08.05.23. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги Улуу Жеңиш күнүн утурлай, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Амантур Токтоназаров, Мария Каспорская, Валентина Гудковадан кабар алып, майрамы менен куттуктады.

Министрликтин жетекчилиги жалпы жамааттын атынан ар бир ардагерге 10 миң сомдон материалдык жардам көрсөтүп, азык-түлүктөргө толгон себеттерди белекке тапшырды.

Таланбек Иманов 9-Май ар бир кыргызстандык үчүн өзгөчө күн экендигин белгиледи. "Бул күнү калайык калк Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына таазим кылышат. Биздин кымбаттуу ардагерлерибиздин эрдиги менен азыр асманыбыз ачык, бейпил турмушта күн кечирип, алдыга карай умтулуп жатабыз", – деп кошумчалады ал.

Маалымат иретинде: Амантур Токтоназаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. 56-гвардиялык аткычтар дивизиясында кызмат өтөгөн. Бүгүнкү күндө Амантур Токтоназаров Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району боюнча жалгыз ардагер.

Мария Каспорская Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, концлагердин туткуну. Жаш тайынан эле душмандарга колго түшүп, концлагердин азаптуу күндөрүн башынан кечирген.

Валентина Гудкова Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, концалердин туткуну. Ал дагы душмандарга колго түшүп, согуштун азаптуу күндөрүн өз башынан кечирген.

Пикир

Оставить комментарий