• 87
  • 90.59
  • 0.87

Санэпидкөзөмөл кызматы балдар үчүн сапатсыз оюнчуктардын зыяндуулугун түшүндүрдү

Ден соолук 0

Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Балдар үчүн сатылып жаткан жана сырттан алынып келген оюнчуктардын сапаты жана коопсуздугу боюнча маселе Оорулардын алдын алуу департаменти жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тарабынан бир нече жолу көтөрүлүп келет.

Мекемеден билдиришкендей, акыркы убакта республиканын базарларында Кытайда чыгарылган поливинилхлоридден (пластизол) жасалган коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча санитардык талаптарга жооп бербеген жана алардын коопсуздугун тастыктаган тиешелүү документтери жок оюнчуктарды сатуу фактылары аныкталды.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тарабынан жыл сайын республиканын базарларында сатылып жаткан оюнчуктарга экспертиза жүргүзүлөт.

Белгиленгендей, жалпысынан 4 жыл ичинде 1323 үлгү алынып, оюнчуктарга 3503 изилдөө жүргүзүлгөн. Алардын ичинен курамында фенолдун, стиролдун жана формальдегиддин ашыкча кошулмасы бар 50 түрү аныкталган. Ал оюнчуктардын баары пластизолдон жасалган.

Изилденген үлгүлөрдөгү фенолдун, стиролдун жана формальдегиддин курамы жол берилген максималдуу концентрациядан 2-10 эсе ашкан, уулуулугунун индексинде 70%тен 120%ке чейин олуттуу көрсөткүчтөр аныкталган. Мындан тышкары, пластизолдон жасалган оюнчуктар органолептикалык көрсөткүчтөр боюнча талаптарга жооп бербейт жана белгиленген деңгээлден ашкан күчтүү жагымсыз жытка ээ.

Экспертизалардын жыйынтыгы көрсөткөндөй, уулуу элементтердин курамына карата санитардык нормалардын талаптарынан ашкан басымдуу бөлүгү 3 жашка чейинки балдарга арналган Кытайда чыгарылган пластизол оюнчуктарында аныкталган.

Ымыркайлар тиштери кычышып кыйнаганда тиштей турган «резина» шакекчелери жасалган материал боор жана бөйрөк рагына, ошондой эле балалуу болуу жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды болгон эркектин органдарына зыян келтирет.

Формальдегид аллергиялык реакцияларды, көздүн жана дем алуу жолдорунун былжыр челинде аллергия пайда кылышы мүмкүн. Ал чүчкүрүү, жөтөлүү жана лакримациянын көбөйүшү менен коштолот. Формальдегид борбордук нерв системасына таасир этип, дерматит оорусун пайда кылат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму анын мурун көйдөйүнүн рак оорусунун коркунучу менен байланыштырат.

Курамында фенол бар оюнчуктун жыты былжыр челди дүүлүктүрүп, ал эми териге тийгенде күйүк пайда болот. Натыйжада мурундун агышы, баш айлануу, баш оору, кусуу, уйкунун бузулушу, дем алуусу, жүрөктүн тез кагышы пайда болушу мүмкүн. Ошондой эле тери аркылуу абдан тез сиңип, нерв системасына таасир этет. Эгерде фенол менен узак убакытка дем алганда же жутуп алса, булчуңдардын шал оорусуна алып келет, бул жүрөктүн же дем алуунун токтоп калышына алып келет.

Курамында жогоруда саналган уулуу заттар бар оюнчуктардын бул түрлөрү менен балдардын дайыма байланышта болушу организмде ар кандай патологиялык өзгөрүүлөргө алып келет.

Балдардын оюнчуктары милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болгон товарлар болуп саналат. Жыл сайын биздин республикага дүйнөнүн булуң-бурчунан 700 тоннага жакын оюнчуктар алынып келинет, анын 600 тоннага жакыны Кытайдан.

"Эгерде суроо-талап болсо, оюнчуктарды ташып келүү улана берет. Сатып алуудан мурун балдарыңыздын ден соолугун ойлонуңуз. Жаңы жылдын алдында көптөгөн ата-энелер балдарын кубантуу үчүн түрдүү белектерди, анын ичинде оюнчуктарды сатып алышат. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, кымбат жана кооз болсо да, алардын коопсуздугун тастыктаган тиешелүү документи жок шектүү оюнчуктарды сатып алууну сунуштайбыз. Ар бир ата-эне баласын сапатсыз балдардын продукциясынан коргой алат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий