• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстанда бөйрөктү трансплантациялоо операциясы жасалат. Ал үчүн түркиялык адистер келди

Ден соолук 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Ушул жылдын август айында биринчи жолу Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу (трансплантация) операциясы жасалат. Ал үчүн Түркия мамлекетинен 120 адис Бишкекке келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Ал маалымдагандай, “Семетей” мейманканасы ремонттолуп, шарт түзүлдү, ал жерге түркиялык дарыгерлер жайгаштырылат.

"Бүгүн мамлекетибизде маанилүү окуянын башталышы болду. Жакшы билесиздер, арабызда бөйрөгүнөн, боорунан жана ички органдарынан жабыркагандар бар. Алар өтө чоң суммадагы каражаттарды сарптап, чет өлкөлөргө барып операция жасатып келишет. Каржылык мүмкүнчүлүгү жоктор тек гана өмүрү менен коштошуп, тагдыры аянычтуу аяктайт.

Бул көйгөй президентибиз Садыр Жапаровду көп түйшөлтүп жүргөн. Жакында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындан ары Кыргызстанда ички органдарды алмаштыруу, операция кылуу маселесин чечти", - деди ал.

Орунбеков кошумчалагандай, бөйрөк жана башка ички органдарды алмаштыруу Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк “Достук” клиникасында жасалат. Тиешелүү заманбап лабороториялары даярдалууда.

"Мисалы, Белоруссияда бөйрөк алмаштыруунун чыгымы 65 миң, Түркияда 25 миң долларга бааланса, Бишкекте болжолдуу чыгымы 7 миң доллардын тегерегинде болот. Муну Орто Азияда жана кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу эң арзан деп айтсак болот", - деп кошумчалады ал.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысынын айтымында, келген адисттер операция жасаган учурларда жергиликтүү дарыгерлерди үйрөтүшөт, келечекте кыргызстандык медиктер боор, бөйрөк органдарын алмаштырууга адистик тажрыйба алышат.

Пикир

Оставить комментарий