• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. Жараат алган аскердин өлүмү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

Ден соолук 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Бүгүн Баткенден Бишкекке алып келинип, Улуттук госпиталга жаткырылган аскер кызматкеринин өлүмү тууралуу социалдык тармактарга тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын бирөө анестезиология жана реанимация бөлүмүндө жатат, абалы туруктуу оор деп бааланууда. Ал эми жабыркаган аскерлердин экөө Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Алардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.

"Бардык бейтаптар медициналык көзөмөлдө, тийиштүү дарылануудан өтүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 8-майда Баткен облусунун Чек аттуу жергесинде ал жердин 50 сотук жерин пайдалануу маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Кыргызстандын 30-40 жараны жана Тажикстандын 30-40 жараны бири-бирине таш ыргыта баштаган. Чыр учурунда аңчы мылтыгынан ок атылган. Чырдын курчушун болтурбоо үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары асманга эскертүү иретинде ок атышкан. Кырдаал бир нече убакытка басаңдаган. Чыр басаңдаганда эки өлкөнүн жарандары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан. Бирок, Тажикстандын чек ара кызматкерлери күтүүсүздөн миномет менен кыргыз чек арачылары жана Кыргызстандын жарандары тарапка ок ата баштаган.

Натыйжасында кыргызстандык 4 адам (3 аскер кызматкери жана 1 жаран) жараат алып, алардын үчөө Баткен облустук бириктирилген ооруканасына жаткырылган. Ал эми бирөө медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Бүгүн, 10-майда чек арада ок тийген аскерлер Бишкекке алып келинди.

Пикир

Оставить комментарий