Бишкек, 05.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Санкт-Петербург шаарында 6-кабаттан кулап кеткен кыргыз жараны тууралуу ЖМКда жарыяланган маалыматка байланыштуу комментарий берди берди.
Министрликтин маалыматына ылайык, 3-сентябрда болжол менен саат 02.00дө полиция кызматы окуя болгон жерге келген. Жабыркаган кыз жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Ошондой эле окуяга тиешеси бар деген шек менен эки кыргыз жараны - 2001-жылы туулган М.Б. жана 2001-жылы туулган С.Ш. кармалган. Россиянын укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү текшерүү иштер жүрүп жатат.
Жабыркаган жаран, 2002-жылы туулган А.Б. учурда ооруканада жана анын абалы туруктуу оор деп бааланууда.
Бул факт Санкт-Петербург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун көзөмөлүндө жана консулдук Россиянын тиешелүү органдары менен байланышта.
Пикир
Оставить комментарий