Бишкек, 06.10.17./Кабар/. Россиянын Санкт-Петербург шаарында шыбак иштерин аткарып жатканда кыргыз жараны турган аркан үзүлүп кеткен. Ал 11-кабаттан курулуш менен бирге кулап түшкөн.
Кырсык 5-октябрда саат 15:45 чамасында Г.Зеленин көчөсүндөгү 6/4 үйүндө болгон,-деп жазат “Оперативное прикрытие” агенттиги.
28-жаштагы Кыргызстандык мигрант окуя болгон жерден каза болгон. Аталган факты боюнча териштирүу иштери жүрүүдө.
Пикир
Оставить комментарий