• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кеминде унаа жөө өтмөктөн пенсионерди өлтүрө сүзүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Кеминде жөө өтмөктөн пенсионерди өлтүрө сүзүп кеткен унаанын айдоочусу кармалды.

Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, 4-сентябрда саат 11:00дөр чамасында “Мерседес Бенц” унаасынын 31 жаштагы Т.Ж. аттуу айдоочусу 76 жаштагы А.Т. аттуу адамды сүзүп кеткен. Жүргүнчү окуя болгон учурда жөө өтмөктөн өтүп бара жатканы айтылат.

Кырсыктан А.Т. жеринде каза болгон.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-пункту боюнча кылмыш иши козголуп, Т.Ж. аттуу айдоочу кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий