Бишкек, 26.08.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-августта, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Исаков Сапар Джумакадыровичти мурда ээлеген кызматынан бошотуп, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койду.
Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Сапар Исаков КРнын премьер-министри болуп дайындалды
26/08/17 12:08 Кадр саясаты 0
Пикир
Оставить комментарий