Кечээ Сочиде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусу болду. Жолугушууда Кыргыз-орус эки тараптуу кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, акыркы жолугушуунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашырылышы, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу пландары талкууланды.
Башкалар менен катар регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо маселелери да каралды. Мамлекет башчылары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ушул жылдын 28-30-апрель күндөрү болуп өткөн окуяларды, ошондой эле чыр-чатактын кесепетинен Баткен районунун чек арага танапташ айылдарында талкаланган инфраструктураны, социалдык объектилерди жана турак үйлөрдү калыбына келтирүү чараларын, мындан сырткары жергиликтүү калкка ар тараптуу жардам көрсөтүү маселелерин кеңири талкуулашты.
Болуп өткөн жолугушууна комментарий берип жатып саясат таануучу Марс Сариев жолугушуу кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжалга байланыштуу болгонун жана Москва Борбор Азиядагы абалды турукташтырууга кызыкдар экенин белгиледи.
“Путин Кыргызстандын көз карашын укту. Белгилүү болгондой буга чейин Рахмон Москвага барган, Путинде буга байланыштуу суроолор жаралган. Ошондуктан мен Россия өзүнүн түштүк чек араларындагы абалды турукташтырууга кызыкдар деп эсептейм”,-дейт эксперт.
Сариев түшүндүргөндөй, Афганистанда алдыда америкалык аскерлердин чыгып кетүүсүнө байланыштуу абал татаалдашып баратат. Чоң пункт – Баграм авиабазасы буга чейин толугу менен бошотулган, эми Фарьяб провинциясында өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөгөн акыркы чекитти Талибан басып алганы тууралуу маалымат келип жатат.
“Абал курчуп, бийликке талибдер келе турганы түшүнүктүү, бул түштүк чек араларына коркунуч туужурат. Ушул фондо ЖККУга кирген эки өлкөнүн жаңжалы жана аскердик кагылышы уюмга кирген өлкөлөрдүн биримдигин толук алсыратып, Россиянын өзүнө коркунуч алып келет”,-дейт саясат таануучу.
Сариевдин пикиринде Сочидеги жолугушуунун негизги максаты так ушул сыяктуу чыр-чатактардын алдын алуу, ЖККУнун мыйзамдарын кайрадан карап чыгуу, жаңы түзөтүүлөрдү киргизүү жана Кыргызстандын Тажикстан менен мамилесин шайкеш келтирүү зарылдыгы болгон, анткени Россия буга барынан кызыкдар.
“Аскердик көз караштан алганда, Россия Тажикстанды ыктымал баскынчылыктан коргонуунун биринчи сабы, ал эми Кыргызстан экинчи коргонуу линиясы катары кабыл алары түшүнүктүү. Андан ары табигый чек жок болуп калат, анан Казакстан, кийин Россияга түз коркунуч туулат. Ошондуктан, албетте Россия абалды турукташтырууга кызыкдар болот да. Мындан тышкары, экономикалык мүнөздөгү маселелер, Кыргызстанга жардам көрсөтүү, ЕАЭБ жана ШКУнун алкагында өз ара аракеттер каралды”,-деген Сариев кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин ЖККУнун жана ЖККУ жана ЕАЭБге жетекчилик кылган өлкө катары Россиянын дагы рейтинги түшүп кеткенин белгиледи.
Ошондуктан ал Москва өзүнүн кадыр-баркын калыбына келтириши керек болгон деп эсептейт. “Кеп ЖМКларда уюмду катуу сынга алуу жүрүп, түрк биримдигин жандандыруунун зарылдыгы тууралуу айтылып жатканында болуп жатат. Албетте, бул Москваны тынчсыздандырат, ошондуктан Путиндин Сочиге чакыруусу ушуга байланыштуу болду деп эсептейм. Москва мамилелерди тең салмактап, түштүк чек арадагы абалды турукташтыруу үчүн өзүнүн имиджин нормалдаштыргысы келди”,-дейт саясат таануучу.
Жолугушуу тууралуу айтып жатып ал позитивдүү болгонун белгиледи. “Бул саясат, дипломатия да. Москва оор абалга туш келди, утулду десек да болот. Анткени, ал Москванын Борбор Азияда позициясына катуу сокку болду. Анан дагы, ЖККУнун эки өлкөсү үчүн бул өтө эле жагымсыз. Ошондуктан бул жолугушуу зарыл болчу, себеби эгер Рахмон менен жолугушуу болсо, анда мамилелерди шайкеш келтирүү үчүн Кыргызстандын президенти менен жолугушуу керек эле. Менин оюмча, бул кырдаалды турукташтырууга жардам берет жана Тажикстан тарабынан боло турган чагымчылдыктар азыр нөлгө түштү. Азыркы жолугушуулар ушуга алып келет”, - деген Сариев жаңжал болгон учурда Борбор Азия өлкөлөрүнүн позициясы – Казакстан, Өзбекстан, андан тышкары Түркия чоң роль ойноду деп кошумчалады.
Ошондуктан саясат таанучунун пикиринде, Борбор Азиянын түрк мамлекеттери жана НАТОнун мүчөсү Түркия бирдей көз караш менен чыгышкан экен. “Албетте, бул Москаны тынчсыздандырбай койбойт, анткени ал Борбор Азиядагы позициясын жоготуп жаткан. Демек, Рахмон менен жолугушуудан кийин мамилелерди тең салмакташтыруу, ошентип түштүк чек аралардагы кырдаалды турукташтыруу максатында Жапаров менен жолугушуу болушу керек эле”,-деп сөзүн жыйынтыктады М.Сариев.
«Кабар» МАБ
Пикир
Оставить комментарий