• 87
  • 90.58
  • 0.83

Сасык тумоону кантип алдын алууга болот? Пайдалуу кеңеш

Ден соолук 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар – Мээрим Дүйшөналиева/. Сасык тумоо - дүйнө жүзүндө кеңири тараган инфекциялык оорулардын бири. Аба ырайы сууктаган сайын сасык тумоого кабылып, илдет менен алышкан адамдардын саны арбыйт. Бул макалада биз сасык тумоону кантип алдын алууга болот деген суроого жооп издеп, адистердин кеп-кеңештерин тизмектейбиз.

Жугуштуу оорулар боюнча адистердин жана эпидемиологдордун пикиринде, абанын төмөн температурасында курч респиратордук инфекцияны чакыра турган вирустар көбүрөөк жашайт. Ошондой эле күн сууктаган сайын адамдар жабык жайларда болууга ыктагандыктан, ооруга чалдыгуу тобокелчилиги жогорулайт.

Мындан улам сасык тумоо күч ала турган убактарда жарандар организмди бекемдөөгө көңүл буруп, оору жугузуп алуудан сактануунун эң жөнөкөй эрежелерин эстен чыгарбоосу керек.

Туура тамактануу. Дарыгерлер С витаминине бай жашылча-жемиштерди көбүрөөк пайдалануу керектигин айтышат. Анткени алар организмде вируска туруштук бере турган интерферонду иштеп чыгат. Андыктан алма, лимон, апельсин, мандарин, киви, капуста, болгар калемпири, сабиз, кызылчаны колдонуу кажет. Ошондой эле иммундук клеткалардын пайда болуусуна түрткү боло турган белокко бай балыкты, тоок, уй эттерин көбүрөөк жеш керек. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму күнүгө 400 граммдан кем эмес жер-жемиш, мөмө-жемиштерди колдонууну сунуштайт. Сарымсак менен пияздын курамында аллиин болгондуктан, бактерияларга каршы туруштук берүү активдүүлүктү жогорулатат. Имбирде аскорбин кислотасы, В, А тобундагы витаминдер, цинк, кальций, йод болгондуктан организмди бекемдөөгө жардамы чоң. Иммунитетке зыян келтире турган азыктарды пайдаланбоону да эстен чыгарбоо маанилүү. Адистер ышталган, маринадалган, консерваланган тамак-аштар, тез татымдар, туз, кумшекер организмдин коргонуу мүмкүнчүлүгүн азайтарын белгилешет.

Сасык тумоодон кантип коргонобуз? Ак халатчандар сасык тумоого каршы эмдөө зарылдыгын да айтып келишет. Сасык тумоо вакцинасын тандоо жана аны алуунун процесси жыл сайын өзгөрүп тургандыктан, ар бир сезондо вирусологдор алдыда келе турган коркунучту аныктоо үчүн вирус штамдарын изилдейт жана вакцинанын курамын ошого ылайыктайт. Вакцина алуу кампаниясы көбүнчө күздүн башында старт алат, бул иммунитет системасын сасык тумоо сезонуна чейин күчтөндүрүү үчүн эң ылайыктуу мезгил. Ден соолукка ылайыктуу вакцинаны тандоодо дарыгердин сунуштарын угуу маанилүү.

Сасык тумоого каршы натыйжалуу коргонуу үчүн вакцина алуудан тышкары жеке гигиена эрежелерин сактоого көңүл буруу шарт. Колду тез-тез жууп, вирус тарай турган эл көп чогулган жерлерден оолак болуу менен сасык тумоонун алдын алууга жардам берип, өзүңүздү жана жакындарыңызды коргоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатасыз.

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору сасык тумоо менен ооруп калбоо үчүн төмөнкү кеңештерди эске алуу керектигин белгилейт:

- Туура тамактануу жана сергек жашоого умтулуу зарыл;
- Эгер балдарыңыз же сиз ооруп калсаныз үйдө болуп, балдарды мектепке, бала бакчага жибербеңиз;
- Оорубаш үчүн жөтөлүп, чүчкүрүп жаткан адамдардан алыс болуу зарыл;
- “Жөтөлүү этикетин” сактап жөтөлгөндө жана чүчкүргөндо ооз мурунду жаап чүчкүрүү жана ооз, көз, мурунду кармоодон алыс болуу кажет;
- Дайыма колду самын менен жууп же спирт аралашкан кол тазалагычтар менен сүртүү керек;
- Эгер мүмкүн болсо, топтошкон жерлерде жүрүү мөөнөтүн кыскартуу кажет;
- Дайыма терезелерди ачып, бөлмөнү желдетип туруу пайдалуу;
- Эгер сиз ооруп калсаныз, үй-бүлөнүздүн башка мүчөлөрүнө жуктурбаш үчүн медициналык бет кап тагыныныз жана аны 4 саат сайын алмаштырууңуз зарыл;
- Бейтапты өзүнчө бөлмөгө бөлүп, өзүнчө идиш, бет арчы менен камсыз кылып, бөлмөнү тазалап желдетип туруу керек;
- Дарыгерге кайрылуу зарыл. Дарыгер гана туура дарыланууну сунуштайт!
- Өз алдынча дарылоодон алыс болуу маанилүү, анткени өзүм билемдик менен дары-дармектерди колдонуу оорунун күчөп же оорлошуусуна алып келүүсү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий