• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Сауд Аравия Бишкекте маданий борбор курууну пландоодо

Маданият 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чынгыз Эсенгул уулу Сауд Аравия Падышачылыгынын Маданият министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкекте Сауд Аравия Падышачылыгынын маданият борборун куруу боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Чыңгыз Эсенгул уулу делегациянын өкүлдөрүн жылуу кабыл алып, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө болгон умтулууну белгиледи.

"Биз саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарыбызды жогору баалайбыз жана маданий борбордун курулушунун контекстинде сиздердин сапарыңыздар бул эки тараптуу мамилелерибизди чыңдоого биргелешкен умтулууларыбыздын ачык далили болуп саналат", - деди ал.

Сауд Аравиянын өкүлдөрү ыраазычылык билдирип, курула турчу маданият борбору эки өлкөнүн маданий алакасын өнүктүрүүгө маанилүү салым жана достук менен кызматташтыктын символу болоорун баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий