• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Сауд Аравия Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна катышууга даяр

Коом 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Аравияга болгон иш сапарынын алкагында инвестициялар министри Халид Аль-Фалих менен жолугушуту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады.

Министр Кулубаев эки тараптуу кызматташуунун жогорку жана прогрессивдүү динамикасын белгилеп, КР президенти Садыр Жапаровдун ушул жылы Сауд Аравияга боло турган расмий сапарынын алкагында эки тараптуу маанилүү келишимдерге кол коюу пландалып жаткандыгын маалымдады.

Аль-Фалих саудиялык тараптын Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга кызыкдар экендигин билдирип, ушуга байланыштуу конкреттүү инвестициялык сунуштарды кароого жиберүүнү өтүндү.

Ошондой эле ал Сауд Арабиянын Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга жана курулушуна катышууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, Аль-Фалиха энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба, туризм, логистика, инфраструктураны өнүктүрүү жана башка ушул сыяктуу тармактардагы мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө үчүн ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанга жумушчу топ жиберээрине ишендирди.

Өз кезегинде Кулубаев маектешин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. Министр Х.Аль-Фалих аталган чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирип, келечектеги конкреттүү соода-экономикалык долбоорлордун пайдубалын даярдоого тийиш болгон Сауд Аравиянын жумушчу тобунун иш сапарынан кийин Кыргызстанга келээрин убада кылды.

Пикир

Оставить комментарий