• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бийлик өкүлдөрү кийинки жумада Ысык-Көл жана Нарындын тургундары менен жолугат - графиги

Коом 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Бийлик өкүлдөрү кийинки жумада Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тургундары менен жолугат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, чиновниктер жергиликтүүлөрдүн көйгөйлөрү менен жеринде таанышып, суроолоруна жооп берет.

"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, учурда башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, ички иштер министри Улан Ниязбеков аймактарда жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды активдүү өткөрүүдө. Маалым болгондой, бул жолугушууларда бир топ социалдык, экономикалык жана прокуратура, сот органдарына тиешеси бар маселелер көтөрүлүүдө. Мүмкүн болгон маселелер жеринде каралып, убакыт талап кылгандары тийиштүү кызматкерлер тарабынан каттоого алынууда", - деди ал.

Зулушев, Төрөбаев, Ниязбековдун кийинки жолугушуулары Нарын жана Ысык-Көл облустарында өтөт.

undefined

Пикир

Оставить комментарий