• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги №4 оорукана чуусу. Министрдин орун басарын имараттын ичине киргизишкен жок

Коом 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/ Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна келген саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаевди имаратка киргизишкен жок.

Министрдин орун басарынын айтуусуна караганда, ал оорукананын эмгек жамаатын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин борбордун ордуна Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасын түзүү боюнча буйругу менен, ошондой эле жаңы жетекчи Гулия Кожакматованы тааныштырганы келген.

Бирок имараттын алдында чогулгандар министрдин чечимине нааразычылыктарын билдирип, аткаминерди имараттын ичине киргизишкен жок.

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун кызматтын алынган директору Сабырбек Жумабеков ведомствонун иш аракеттери мыйзамсыз экендигин айтып, өз укугун коргой тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий