• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Сазыкулов Мурас-Ордо, Бугу-Эне-Багыш конуштарынын жашоочулары менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 13.03.23./Кабар/. Биринчи май районунун башчысы Максатбек Сазыкулов Мурас-Ордо жана Бугу-Эне-Багыш конуштарынын жашоочулары менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда жер участогуна токтом чыгаруучу документтерди алуу маселеси талкууланды.

Жолугушуугаошондой эле "Бишкекбашкыархитектура "мамлекеттик мекемеси,"Кадастр" мамлекеттик мекемеси, Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы, ИИБ, №16 жана 14 МАБдын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуу учурунда Биринчи май районунун башчысы мыйзамсыз курулуш аныкталса, бардык объектилер бузуларын билдирди.

Андан соң, мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев А.Боталиев атындагы сейил бактын Щербаков жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги жашоочулары менен жолугушту.

Жыйынтыгында бардык үй курулуштарын жана турмуш-тиричилик шарттарын инвентаризациялоо чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, президенттин 2022-жылдын 8-апрелиндеги ПЖ №109 "Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык, эгерде адамдар тарабынан шаар куруу иши, мыйзамсыз курулуш жана жер тилкесин басып алуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары бузулган болсо, административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Пикир

Оставить комментарий