• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

"Сейтек" борборунун тарбиялануучулары эл аралык турнирде 19 медаль утту, анын тогузу алтын

Спорт 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Салттуу ушу боюнча кыз-келиндер курама командасы"Москванын ушу боюнча жылдыздары - 2024" IX эл аралык турниринде 19 медаль утту. Анын ичинен 9 алтын, 6 күмүш жана 4 коло медаль. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Курама командага "Сейтек»" улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунун тарбиялануучулары кирген. Алар мелдешке эмгек сиңирген машыктыруучусу Евгения Лопаткинанын жетекчилиги астында катышкан.

Белгилей кетсек, Москвадагы турнирге 12 өлкөдөн келген 1000ден ашуун спортчу катышты.

Пикир

Оставить комментарий