• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сентябрга чейин транспорт, турак жай жана жер салыгын төлөө зарыл - МСК

Экономика 0

Бишкек, 18-июль /Кабар/. Сентябрга чейин транспорт, турак жай жана жер салыгын төлөө зарыл, - деп билдирди КР Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы.

“Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин транспорт каражаттарына, 2-сентябрга чейин турак жай, батир жана жер салыгын төлөө керек”, - деп айтылат билдирүүдө.

Өз учурунда салык төлөбөгөндүгү үчүн 2 миң сом айып салынат.

Ошону менен бирге, транспорт салыгын төлөгөн соң, акысыз атайын чаптооч баракты алып, унаанын маңдайкы айнегине чаптап коюу зарылдыгы белгиленет.

Кеңири маалыматты 194 номерине чалып же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий