• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргыз тасмалары мусулман кинофестивалындагы сынакка катышат

Маданият 0

Бишкек, 18-июль /Айжамал Дуйшоева – Кабар/. Эки кыргыз кино тасмасы Казань XIII эл аралык мусулмандар кино фестивалынын программасына кирди. Аталган сынак 5-11-сентябрга чейин Татарстандын борборунда өтөт.

www.kyrgyzcinema.com сайтында маалымдалгандай, кинофестивалда Кыргызстанды Болсунбек Таалайбек уулунун режиссерлугу алдында тартылган «Добыча» жана Жаңыл Жусупжандын «Письма из Памира» тасмасы тааныштырат.

Кинофестивалдын сынак программасына 27 мамлекеттен 60 тасма кирген.

Мусулмандар тасмасынын Казань эл аралык кинофестивалы 2005-жылдан бери ар жыл сайын өткөрүлүп туруучу атамекендик кино тасмалардын ири фестивалы болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий