• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Серепчи Садыр Жапаровдун мурдагы президенттер менен жолгушуусу тууралуу: Чечим чыгарууга шашылбоо керек

Коом 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Өлкө башчысынын мурдагы президенттер менен жолугушуусун тымызын интригалардын толкундоолорду жаратпашы үчүн бардык пикир келишпестиктерди үстөл үстүндө чечүү демилгеси катары баалоо керек. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине тарыхчы, коомдук жана саясий ишмер Зайнидин Курманов билдирди.

Анын айтымында, мунун фонунда жүрүп жаткан ызы-чуу маани-маңызынан алыстатпашы керек, мамлекет башчысы элита менен элди бириктирүүгө кадам жасады.

"Жолугушуунун негизги максатын түшүнгөнчө эмоцияга алдырбай туруш керек. Кеп татаал саясий маселелер тууралуу болуп жатканда шашылыш чечим чыгаруу көбүнчө катачылыкка алып келет. Аз эле убакыт өттү. Жыйынтык чыгарууга шашылбоо керек. Социалдык тармактарда гана ызы-чуу болуп жатат, көчө тынч. Эл өз иши менен алек.. Мен тарыхчы катары айтып жатам. Азыр президенттин демилгесин, талкуусун гана көрүп жатабыз. Деталдары, шарттары, механизмдери жана башкалар бизге белгисиз. Эмоцияга алдырбагыла", - деди Зайнидин Курманов.

Эске сала кетсек, президенттин маалымат катчы Эрбол Султанбаев өлкө башчысы Садыр Жапаров КРнын мурдагы президенттери менен жолукканын билдирип, ага Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышкандыгын кошумчалаган.

Пикир

Оставить комментарий