• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Сергий Пучков Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды

Спорт 0

Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) кеңсесинде КФБ президенти Камчыбек Ташиев Кыргызстандын жаштар курамасынын (U-20) оюнчулары менен жолугушуп, аларды команданын жаңы башкы машыктыруучусу менен тааныштырды.

Биримдиктен билдиришкендей, футбол биримдиги кабыл алган чечимге ылайык жаштар курамасынын башкы машыктыруучусу болуп украиналык адис Сергий Пучков дайындалды. Ал кезинде профессионалдык футбол оюнчусу катары СССР чемпиону жана СССР Кубогунун ээси аталган.

Сергий Пучков оюнчу карьерасынан кийин, машыктыруучу катары футболдогу карьерасын улантып, Украинанын эмгек сиңирген машыктыруучусу болгон. Ошондой эле Украинанын бир катар клубдарын жетектеп, 2024-жылдын сентябрь айында "Мурас Юнайтед" клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалган.

Белгиленгендей, жаңы башкы тренер менен келишим бир жылга түзүлүп, Сергий Пучковдун жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын жаштар курамасы 2025-жылдын февраль айында орун ала турган Азия кубогунда ойнойт. Аталган Азия биринчилигине болгон даярдыктын алгачкы этабын курама жакынкы күндөрү Ысык-Көлдө өткөрө баштайт.

Пикир

Оставить комментарий