• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Шаар ичинде жарнаманы туш келди жайгаштыргандарга айып салынат – Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Бишкек мэриясы белгиленбеген жерлерге жарнамалык жарыяларды чаптоого тыюу салынарын эскертет.

Билдирүүгө ылайык, жарнамага илүүгө арналбаган тосмо, дубал, аялдама, жарык берүүчү таянычтар жана бак-дарактарга маалыматтык билдирүүлөрдү жайгаштырууга тыюу салынат.

Мындай тартип бузуулар катталса, Муниципалдык инспекция тарабынан жеке жактарга 1 миң сом, ал эми юридикалык жактаргга үчүн 5 миң сом айып салынат.

Бишкек мэриясы жарандардан борбор калаадагы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу эрежелерин жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптарды сактоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий