Бишкек шаарынын тургундары “Тазалыкка” 185 млн сом карыз

Коом 0

Бишкек, 10.09.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургундарынын “Тазалык” муниципалдык ишканасына болгон карызы 185 млн сомду түзөт.

Мэриядан билдиришкендей, анын натыйжада абоненттердин карызынан улам ишкана кызматкерлеринин эмгек акылары кечиктирилип, атайын техникаларды өз убагында оңдоо иштери жүргүзүлбөй келет.

Ошол себептен “Тазалык” муниципалдык ишканасы бир жылдан ашык убакыттан бери таштанды чыгаруу үчүн акча төлөбөгөн карызы бар жарандардын үйлөрүнө атайын наклейкаларды чаптоону сунуштоодо.

Белгиленгендей, "Тазалык" муниципалдык ишканасы шаар аймактарын санитардык тазалоо, шаардын жолдорун оңдоо, сырткы көрктөндүрүү элементтери боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт, ошондой эле борбордун калкынын жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринин каражаттарынын эсебинен катуу тиричилик таштандыларын чогултат жана чыгарат.

Пикир

Оставить комментарий