Бишкек, 06.03.18 /Кабар/. Кечээ, 5-мартта Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында “Кыргызстандын ХIX кылымдын экинчи жарымынан XX кылымындагы Евразия көчмөндөр дүйнөсүнүн, россиялык бийликтин жана Исламдын кесилишиндеги тарыхы (Шабдан баатырдын өмүрүнүн трансформациясынын мисалында)” темасындагы тегерек стол өттү. Бул тууралуу КР УИАнын маалымат бөлүмү билдирди.
Иш-чарага КР ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиев, Япониянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Харада Кадзуя, КР УИАнын вице-президенти Осмон Тогусаков, окумуштуу-тарыхчылар, культурологдор, этнографтар, жетектөөчү Кыргызстандын ЖОЖдорунун профессордук-окутуучу түзүмүнүн өкүлдөрү катышты.
Дискуссиянын негизги темасы Тегерек столдун катышуучуларына сунушталган Васеда университетинин (Токио, Япония) илимий кызматкери Тэцу Акияманын “Баатыр жана Россия империясы: кыргыздардын бир лидеринин жашоосунан” деген илимий эмгеги болду. Япон окумуштуусунун илимий эмгегинде Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Россияда архивдик документтерди тыкыр изилдөөлөрдүн негизинде белгилүү коомдук ишмер Жантай уулу Шабдандын өмүрү жана ишмердиги (1839-1912) көрсөтүлгөн.
Тарых жана маданий мурас институтунун директору, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Абылабек Асанканов Шабдан баатырды Евразиянын көчмөндөрүнүн баалуулуктарын алып жүрүүчүсү катарында сыпаттап жатып: “Көз карандысыздык улуттук өзүн таанууну бекемдете турган көчмөн цивилизациянын баалуулуктарына өзгөчө көңүл бурганга түрткү берди”, - деп белгилеп кетти.
КР ЖКнын депутаты, саясий илимдердин доктору Каныбек Иманалиев Шабдан баатыр адилеттүү, чынчыл болгондугун жана анын бул касиеттери аны кадыр-баркка жеткиргендигин белгилеп кетти.
Тарых жана маданий мурас институтунун окумуштуусу Акылбек Джуманалиев: “Жантай уулу Шабдан гуманист болгон, бул анын инсандыгынын негизги касиети, ал эми ошол катаал, каардуу учурда гуманисттик көз караштар өтө сейрек учурачу”, - деди.
Тегерек столдун катышуучулары талкуунун жүрүшүндө кыздар үчүн алгачкы же биринчилерден болуп медресе курган, Токмок шаарында китепкана ачкан, өз каражатына салган “Шабдан мектептеринде” мусулмандык билим менен бирге светтик илимдер (арифметика, география) да берилгендигин, Шабдан баатырдын агартуучулук ролу да маанилүү болгондугун белгилейт.
“Шабдан баатырдын ролу – бараандуу жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ар биринин тарыхы үчүн орчундуу болгон ар түрдүү аспекттерди камтыйт”, – деп бүтүм чыгарды изилдөөнүн автору Тецу Акияма.
Пикир
Оставить комментарий