Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Бишкектеги Шабдан Баатыр көчөсү (Алма-Ата) менен Чүй проспектисинин кесилишинде өрт чыкты . Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, куураган чөптөн чыккан өрттү өчүүрүү үчүн жалпысынан 2 бөлүм тартылган.
Өрт тууралуу маалымат кечки саат 19:58де түшкөн.
ӨКМден кошумча маалымат бериле тургандыгын билдиришти.
Пикир
Оставить комментарий