• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Шайлоо-2021. Чет өлкөлөрдө кошумча үч шайлоо участогу ачылат

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Алдыдагы президенттик шайлоого жана референдумга карата чет өлкөлөрдө шайлоо участокторунун саны көбөйдү. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Тышкы иштер министрлигинин жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде БШК 2020-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин базасында чет өлкөлөрдө 45 шайлоо участогун түзүү жөнүндө № 370 токтомду кабыл алды.

2021-жылдын 10-январындагы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого жана референдумга карата Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн анын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну камсыздоо географиясын кеңейтүү максатында Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн базасында Москва жана Тюмень шаарларында (Москва шаарында – 2, Тюмень шаарында – 1 участок) кошумча үч шайлоо участогун түзүү максатка ылайык деген чечим кабыл алынды.

БШК бул токтомду кабыл алгандан кийин алдыдагы Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого жана референдумга карата дүйнөнүн 28 өлкөсүндө шайлоо жана референдум участокторунун жалпы саны 48ге көбөйдү. Чет өлкөлөрдөгү 48 участогунун ичинен 15и Россия Федерациясынын аймагында, анын ичинде бешөө Москва шаарында жайгашкан.

Маалымат үчүн: 2017-жылы КР президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө дүйнөнүн 26 өлкөсүндө 37 участок түзүлгөн. 2020-жылы октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо чет өлкөлөрдө 45 участок (анын ичинде 12си – Россияда) түзүлгөн.

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн базасында Москва жана Тюмень шаарларында шайлоо участоктору тарыхта биринчи жолу түзүлдү. Бул БШКнын ТИМ, ММК жана МКК менен өз ара аракеттешип, ыкча жүргүзгөн ишинин натыйжасында мүмкүн болду.

Дүйнөнүн 28 өлкөсүндөгү 48 шайлоо жана референдум участоктору тууралуу маалымат;

Россия – 15 участок: Москва – 5 участок, 10 шаарда 1 участоктон: Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, Түштүк-Сахалин, Сургут, Тюмень;

Германия – бардыгы 3 участок: Берлин, Франкфурт-на-Майне, Бонн шаарларында;

2 участоктон: Казакстан – Нур-Султан жана Алматы шаарларында, Кытай – Пекин жана Гуанчжоу шаарларында, БАЭ – Абу-Даби жана Дубай шаарларында, Түркия – Анкара жана Стамбул шаарларында;

1 участоктон: Ашхабад, Баку, Брюссель, Вашингтон, Вена, Доха, Дүйшөнбү, Женева, Исламабад, Киев, Куала-Лумпур, Лондон, Минск, Нью-Дели, Париж, Рим, Сеул, Ташкент, Тегеран, Токио, Эль-Кувейт, Эр-Рияд шаарларында.

Пикир

Оставить комментарий