• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Шайлоо-2021. Президенттикке талапкер болгон 20 адам кол топтоо баракчасын БШКга тапшырышты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. 3-декабрь саат 23:59га карата президенттикке талапкер болгон 20 адам кол топтоо баракчасын БШКга тапшырышты.

Боршайкомдун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жалпысынан президенттикке талапкер болгон 21 адамдан шайлоочулардын колу коюлган баракчалар келип түшкөн.

1. Б. Тольбаев – 58 029;

2. С. Жапаров – 59 998;

3. А. Касенов – 46 270;

4. А. Абдылдаев – 47 998;

5. Р. Джеенбеков – 39 874;

6. К. Асанов – 43 864;

7. Э. Абакиров – 43 630;

8. А. Мадумаров - 39 856;

9. А. Сегизбаев - 55 480;

10. К. Чороев – 39 053;

11. Ж. Байгуттиев - 51 896;

12. М. Арстанбек – 33 083;

13. К. Сооронкулова – 33 458;

14. Р. Тагаев – 40 651;

15. Б. Калмаматов – 35 300;

16. К. Иманалиев – 35 658;

17. И. Ташов – 39 493;

18. К. Токтосунов – 30 106;

19. У. Кочкоров – 43 804;

20. К. Исаев – 38 987.

БШКдан кошумчалашкандай, талапкерлердин бири С. Ибраевдин кол топтоо баракчасында 15 миң 33 гана шайлоочунун колу коюлгандыктан жарыштан четтетилген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий